КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Талас районунун Арал айылында кичи футбол аянтчасы курулуп ишке берилди.

Маалыматка караганда, аянтка мектепте көптөгөн жылдар бою дене тарбия мугалими болуп иштеген, маркум Рахманаалы уулу Сүйүнтай агайдын ысымы ыйгарылды. Анын ачылышынын урматына 22 команда катышкан мелдеш уюштурулду. Жыйынтыгында Өмүралиев айыл өкмөтүнүн «Кушубак» командасы жеңишке жетишип турнирдин чемпиону болду. «Талас тамадалары» командасы 2-орунду, Арал айылынын «Арал» командасы 3-орунду багындырса, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн дагы бир «Манас» командасы 4-орунду ээледи.
Аталган командаларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь