КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

«Мыкты мекеме»

Бүгүн өткөн жылы Бакай-Ата айыл аймагынын жыл жыйынтыгы менен «Мыкты мекеме» номинациясын жеңип алган Бакай-Ата райондук карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемесинде райондук мамлекеттик администрациясынын аппараты,район аймагындагы айыл аймак башчылары, айылтык кеңештин төрагалары, айылдык КААБ мүчөлөрү, мектеп менен бала бакчанын администрациясы жана райондук мекеме уюмдун жетекчилиги эмгек жамааттары менен «Таза айыл» акциясынын алкагында уюштурулган семинар болуп өттү. Анда аталган мекемедеги көрктөндүрүү, тазалыкты сактоонун жөнөкөй эрежелери менен мекеме башчысы Казакбаев Манапбай тааныштырды.семинарда ар бир мекеме ушундай абалга жетүү керектиги талап кылынды. Бул мекеменин кызматкерлери ар бири өз аймактарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен ушундай жетишкендикке жеткенин келген конокторго чарбагындагы жаш көп жылдык карагай, туя, арчалардын көчөттөрүн, гүл ханышасы розанынжетиштирген парниктерди жана алма-кара өрүк бакчаларын тааныштыруу учурунда маалымдады.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь