КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Манас районунун аймагында жазгы тала иштери кызуу жүрүүдө

Манас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2018-жылдын  16-мартында “Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жөнүндө” № 75- б сандуу буйрук чыгып, райондук штаб түзүлгөн.

2018-жылдын түшүмү үчүн район боюнча жалпы 1804 га күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.  Анын ичинен: 1579 гектарына күздүк буудай, 225 гектарына күздүк арпа себилген.

Быйыл жазында район боюнча айдап себүүгө 10467 га жер аянты каралып, а. и. 50 га жаздык арпа, 1996 га жүгөрү, 2850 га төө буурчак, 337 га май өсүмдүгү,  1400 га картошка, 2400 га жашылчалар, 200 га кант кызылчасы, 34 га бахча өсүмдүгү жана 1200 гектар жаңы беде себилүүсү күтүлүүдө.

Райондук суу чарба башкармалыгынын 2018- жылга жасала турган оңдоп түзөө жумуштарына түзүлгөн план жана сугат өнөктүгүнө карата жасалып жаткан иш чаралар өз убагында аткарылууда. Тактап айтканда М-1 каналы бүгүнкү күндө 1 км 900 метр аралыгы ылайдан тазаланган. Кыдыралы каналынын жээгиндеги аралыгы 2,1 км тал теректер кесилип, узундугу 9,5 км каналдын ичи кум-таштардан тазаланган жана отуруп калган жерлеринин таманына 295 метр узундукка бетондолгон. Узундугу 325 метр, кырлары орточо 0,5 метрге көтөрүлгөн. Ошондой эле Бала-Саруу каналынын 1500 метри ылай-таштардан тазаланып, каналдын капталдары 300 метр  узундугу цементтелген

Манас райондук СПАлардын ички чарбалык ирригациялык түйүндөрүн 2018- жылдын вегетация мезгилине даярдалышы боюнча планы түзүлүп, механикалык тазалоо жана кол менен тазалоо (ашар жолу менен) иштер кызуу жүрүүдө.

Жазгы талаа иштерин ийгиликтүү аяктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорунун негизинде “мал чарбачылык” жана “өсүмдүк өстүрүүгө” жылына – 10% насыялар райондогу банктар аркылуу берилүүдө.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь