КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Чоң-Капка  чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинде

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында бизнес чөйрөсүнүн маселелери каралган тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Б.Осмонбеков, обустун прокурору Г.Кашкарова, Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы Б.Б.Дүйшөбаев, улуттук коопсуздук комитетинин обустук башкармалыгынын башчысы Э.Сманов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча бөлүмүнүн башчысы Б.Ш.Султанов, Манас районунун прокурору Б.Ч.Акынбаева, салык кызматынын Манас райондук башкармалыгынын башчысы Г.К.Казаболотова, Манас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ч.А.Сагындыкова, облус аймагына Казак республикасынын аймагынан чек ара аркылуу азык-түлүк, күйүүчү, майлоочу май ташыган жеке ишкерлери, бала-бакча жетекчилери, коомдук ашкана жана соода түйүндөрүнүн кызматкерлери катышып, аталган тема боюнча суроо-жооп форматында кызуу талкуу жүрдү.

Тегерек столдо Чоң-Капка чек ара көзөмөл бекетинде түзүлгөн мобилдик топтун аткарып жаткан иштери, аларга түшкөн маалыматтар, байытылбаган ундардын арка кайтарылышы, импорттолгон товарларга болгон кошумча нарк салыгынын мөөнөттөрү, салыкты өндүрүү боюнча аткарылган иштер, камералдык текшкрүүлөрдүн жыйынтыктары, коштомо кагаздардын кошкон салымы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча бөлүмүнүн башчысы Б.Ш.Султанов, Манас районунун прокурору Б.Ч.Акынбаева, салык кызматынын Манас райондук башкармалыгынын башчысы Г.К.Казаболотова, Манас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ч.А.Сагындыковалардын баяндамалары угулуп, жеке ишкерлер көйгөйлөрүн ортого салышты.

Чоң-Капка чек ара көзөмөл бекетинен товар ташып кирип жаткан жеке ишкерлер Казак Республикасынан жана башка ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден товар импорттоодо болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып, кайрылуу жасашты. Анда Казак Республикасынан импорттолуп кирип жаткан ундун жана жыгач материалдарынын салык төлөөдө минималдык ченемдин өйдө болуп жаткандыгы, монополияга каршы кызматы тарабынан бекитилген минималдык ченем баа жеке ишкерлерге салык төлөөдө кыйынчылыктарды алып келип жаткандыгы тууралуу айтылды.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь