КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

«Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандары»

Быйылкы жыл эсебинен кычыраган кыштын акыркы күнүндө «Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин атынан облустук координатор Соорбек Кыдыралиев, аталган коомдун өкүлү, актриса Алмагүл Алсеитова жана башка мүчөлөрү келишип, Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагынын аксакалы наамына жетип калган Айтпаев Каныбекке «КР Ардактуу аксакалы» жана кезинде белдүү балбандардын катарында болгон, Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчылык милдетин аркалаган, учурдагы депутаты Бечелов Токтобайга «Эл сүйгөн жетекчи» наамдарын ыйгарышты. Аталган сыйлыктарды Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы Төрөкулов Чолпонкулдун катышуусунда администрациянын жыйындар залында тапшырышты. Жасаган эмгек бааланып, элдин кызматында жүрө бериңиздер, урматтуу сыйлык ээлери.

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь