КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү

2018-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдыктарды көрүү максатында Манас райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында, 2018-жылдын 20-февралында, Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын төрагалыгында, райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы, айыл аймак башчылары жана СПАлардын жетекчилери менен чогулуш жыйын өткөрүлдү.

Жыйында суугат суусун жер-жерлерге жеткирилишине даярдыктарды, ири жана ички каналдарды тазалоо, оңдоп-түзөө боюнча тапшырмалар берилди.

Ал эми облустун башка райондоруна караганда, Манас районуна жаз эрте келээрине байланыштуу, жазгы талаа жумуштары эртерек баштала тургандыгы белгиленди.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь