КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Эл аралык тил күнү белгиленди.

Бүгүн Бакай-Ата райондук С.Сооронкулов атындагы борборлоштурулган китепканада «Тил – рухубуздун кудурети» аттуу эл аралык эне тил күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү. Анда тил тууралуу көркөм окууларда тилди даңазалаганчакырыктар айтылып, тилдин таламын талашкандага улутчул деген туура эмес дегн ой ортого салынды. Көркөм окууда Бавланкулова Ырыскан эже мектеп окуучулары менен биргеликте тилдин барктоо менен багуу керектигин далилдеген чыгармаларга токтолушту. Китепкана кызматкри Назгүл айым болсо, жаңы келип текчеден орун алган, тилге байланышкан жаңы китептердин топтомдору менен тааныштырды. Райондук билим берүү бөлүмү, маданият бөлүмүнүнөн келип катышкан өкүлдөр тилди сактоого чакырыгы менен өз пикирлерин айтса, бизге келген бир окуучу бир нерсени үйрөнүп кетсе, биз үчүн чоң жетишкендик деген ою менен китепкана мүдүрү Сапаралиева Тоту, иш чараны жыйынтыктады.

Бакай-Ата кыздары (Шайыр апалардын жылдык отчет концерти)

Тил күнүнө жана алдыдагы мекен коргоочулар күнүнө карата Бакай-ата районунуда аялдар кеңеши тарабынан уюшулуп иш алып барып жаткан Шайыр апалар тобу «Бакай-Ата кыздары» аттуу бир жылдык отчеттук концертин тартуулады. Ага район аймагынан карапайым калктын катмарынан өкүлдөр күбө болушту. Концертке райондун акими да катышып, шайыр апаларга ден соолук, ишинде үй-бүлөсүндө аманчылык каалап, мындан ары да иш алып барууларына колдоо көрсөтөрүп айтып кетти. Мындан башка эл акындары, сахна таланттары да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь