КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Манас районундагы дыйкан-фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү боюнча агрозоовет окутуу-семинар болуп өттү

2018-жылдын 16-февралында 15:00 до Манас райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан, айыл чарба тамагын адистештирүү жана прогрессивдүү технологичларды жайылтуу менен кирешелүү жана экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, мал чарбасын асылдандыруусун, ошондой эле айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүдө алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча райондун аймагындагы дыйкан-фермерлерге жардам берүү багытында агрозоовет окутуу-семиинар болуп өттү.

Окутуу-семинарды өткөрүүгө Айыл чарба министрлигинин аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана анын алдындагы түзүмдөрдүн адистери тартылган.

Окутууда алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге видеоролик көргөзмө, презентациялык материалдар менен коштолуп, методикалык кеңеш-сунуштар берилди.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь