КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Асылдандыруу боюнча облустук иш чара

Сандан сапатка

Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылындагы «Нур» дыйкан чарбасында облустук деңгээлде бодо малдын эт, сүт багытында асылдуулугун жогорулатуу жолдору боюнча семинар өткөрүлдү. Анда ошол чарбада кармалган чет өлкөдөн алынып келинген уйлар тууралуу маалымат берилип, жасалма уруктандыруу жана анын пайдасы тууралуу сөз козголду. Иш чараны алып барган ветеринар врачы Саткыналы Токобаев облус боюнча жасалма уруктандыруу пункттары жана канча уй сүт жана эт багыты боюнча асылдуулугу жогору саналган ири мүйүздүү малдын тукумунан жасалма жол менен уруктандырылганын айтып берди. Негизи сүт (голштин, симментал, швиц, алатау, аулетин, абердин-ангусс) жана эт багытындагы (герефорд, абердин-ангус, лимузин, белгиялык ак) породаларынын уруктары бүүнкү күндө иш алып барып жаткан пункттарда бар экенин кошумчалады.

Бул жыйынга КР Өкөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мраталиев Марат биринчи орун басары менен, Бакай-Ата районунун акими Канымет Осмонбеков жана башка райондун акимдери орун басарлары менен, облустун бардык айыл аймак башчылары кеңешинин төрагалары менен, жайыт комитеттери, вет.врачтары келип катышып кетиши. Облус башчысы сөз кезегинде учурдун талабына ылайык айыл жергесиндеги малды асылдандыруу зарылдыгын белгилеп кетти.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь