КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

2017-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы жөнүндө

2018-жылдын 29-январында Манас райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Жаркыналиеванын катышуусунда биринчи  маселе  менен   райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын январь-декабрь айларындагы  аткарылган план  тапшырмалардын  жетишкендиктери  менен бирге  кемчиликтери  боюнча  маалыматтар берилди.

Ошондой  эле  2017-жылда  райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошкон  айыл  чарба,  саламаттык  сактоо,  билим  берүү  тармагындагы  алдыңкылар  коомдук иштерге активдүү катышкан жана жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн айыл аймактар жылдын  жыйынтыгы менен мыктылар аныкталып,  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  “Ардак  грамоталары”  жана  баалуу  сыйлыктар  менен  сыйланышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь