КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Губернатор эл менен жолукту

26-январь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Таласоблусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марат айыл тургундары менен жолугушуу максаты менен Бакай-Ата районунун Өро, Боо-Терек жана Миң-Булак айылдарында болду. Эл менен болгон жолугушууга Бакай-Ата районунун акими Осмонбеков Канымет жана райондун тиешелүү мекеме уюм жетекчилери да катытшышты. Жыйында айыл тургундарынын көйгөйлөрү менен таанышып, өз күн тартибине киргизип, аталган айыл аймак башчылары жана кеңешинин төрагалары менен жолугушуп берилген суроолорду чечүү жолдорун талкуулашмакчы. Мындан тышкары көтөрүлүп жаткан суроолуу көйгөйлөрдү тийиштүү тармактын жетекчилери менен жеринде таанышып, маселени ыкчам чечүү аракеттери көрүлөрүн өз сөзүндө билдирип кетти.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь