КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы “2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясынын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндөгү” №170 токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2017-жылга карата  маалыматы 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 сандуу “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө”,  2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы №6 чечимин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы “2015-2017-жылдарга КР коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча КР нын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү” жөнүндөгү №170 токтомунун негизинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк 2015-жылдын 27-майында № 68-б буйругу менен иш-чараларды иштеп чыгып  бекиткен. Райондук мамлекеттик администрацияларына  жана Талас шаарынын мэриясына аткарууга тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана айыл аймак башчыларына жөнөтүлгөн, алардын аткарылышы  өкүлчүлүк тараптан көзөмөлгө алынып турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2017-жылдын иш-чара планынын негизинде райондук мамлекеттик администрация жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин 2016-жылга карата коррупцияга каршы      иш-чараларынын аткарылышы тууралуу 2017-жылдын январь айында мониторинг жүргүзүлгөн.                                                                              2017-жылдын 20-апрелинде жогорудагы жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Координациялык кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге Талас райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери жана Талас шаардык өз алдынча башкаруусунун мэри, ошондой эле Талас облусунун саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери менен коррупциянын алдын алуу боюнча жооптуу адистери катышты. Жыйындын аягында коррупцияга каршы күрөшүү иштерин күчөтүү жана иш-чара пландарынын так туура аткарылышын көзөмөлдөө жагы  баардык мекемелеринин жетекчилерине  жүктөлдү. Талас облустук “Талас турмушу” газетасына 2017-жылдын 30-апрелиндеги № 15-16(7850) санына кеңешме тууралуу макала чагылдырылды.

2017-жылдын 28-мартында Талас облустук прокуратурасында облустук укук коргоо органдарынын кезектеги координациялык кеңешмеси болуп, анда коррупцияга каршы күрөшүү багытында КР мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча, укук коргоо органдары тарабынан аныкталган мыйзам бузуучулуктар тууралуу маселе каралды.

жоопкерчиликке 9 кызмат адамы тартылган. Бул багытта прокурордук көзөмөл күчөтүлүп, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу, кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен өздөрүнө пайдалануу фактылары аныкталып, жыйынтыгында 23 кылмыш иши козголгон. Коррупциялык багытта прокурордук актылардын негизинде 219411 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

2014-жылдан тартып, Юстиция министрлиги тарабынан донордук каражаттарды тартуу иштерин жүргүзүп, натыйжасында Евросоюз жана ПРООН дун долбоору менен Кыргыз Республикасынын баардык мыйзамдарына акысыз жетүү Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин сайты аркылуу мүмкүн болду. Сайт версиясы көп жагынан мыктыланган, жаңыланган программа  жана баардык жарандарга жеткиликтүү жана акысыз берилип турат..

Юридикалык жактарды каттоо боюнча адис менен жарандардын жеке байланышын чектөө максатында атайын эреже киргизилди: эреже боюнча кайрылган жаран түздөн-түз адиске эмес кабыл алуучу кызматкерге кайрылып, ал өз кезегинде кабыл алынган документтерди жетекчиге киргизип, тиешелүү виза коюлгандан соң каттоочу адиске берилет.

Талас шаарынын жана районунун мамлекеттик нотариусу Кадыр уулу Ахат үстүбүздөгү жылдын март айында Талас шаарынын №5 орто мектебинин 11-9-класстарынын окуучуларына коррупция жана анын кесепеттери, жоопкерчилиги тууралуу лекция окуду. Жыйында укук-коргоо органдарынан да өкүлдөр катышты.       Ал эми 2017-жылдын 8-9 декабырында  Талас облусунун чет тилдер багытындагы лицейинин жана Талас шаарындагы №4 орто мектебинин 9-10 класстарынын окуучуларынын жана эмгек жамаатынын катышуусунда, Облустун юстиция башчысы Т.Эралиев, жетектөөчү адиси Эсенжан уулу Р. “9-декабрь Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөш күнүнө” арналган тегерек стол өөткөрүшүп, анда коррупция, анын тарыхы, ал менен күрөшү ыкмалары козголду. Ошондой эле окуучулардын ушул жаатта өз ойлору угулду. Андан соң жетектөөчү адис Эсенжан уулу Ринат атайын баяндама жасап, бул боюнча өлкөдөгү акыбал тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде катышуучулар жемкорлуктун түрлөрү жана аны менен күрөүүнүн жолдорун сурашып, тиешелщщ жоопту угушту. Иш-чаранын соңунда тегерек столдун катышуучуларына коррупциянын кесепети тууралуу Юстиция министрлиги тарабынан даярдалган атайын ролик көргөзүлдү. (Жүргүзүлгөн иш-чаралар Министрликтин www.minjust gov.kg сайтына жана Башкармалыктын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланып келүүдө.

2017ж. 29-мартында КР МУКК нин Талас облусундагы башкармачылыктын коррупцияга каршы кызматынын бөлүмү тарабынан Манас районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондогу айыл аймактардын, жергиликтүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда алдын-ала эскертүү, түшүндүрүү  мүнөздөгү жыйын өткөрүлгөн.                                                                                                                            Андан тышкары жемкорлуктун алдын алуу жана калктын укуктук аң-сезимин көтөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана  Адам укугун коргоо боюнча “Дания” институтунун колдоосу менен 21-23-майда Талас облустук А.Огонбаев атындагы  музыкалык мектебинин жана “ОРДО” соода борборунун алдында ЖААК, Мамлекеттик каттоо, Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери менен “Укугуңду бил” аттуу акция өткөрүлүп, анда 150 ашуун жарандарга бекер юридикалык кеңештер берилди.  Ушул эле акциянын  2-бөлүгү  1-3 ноябрда Талас шаарынын борбордук базарынын жанында, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын борборунда, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын почта мекемесинин алдында өткөрүлүп, бул жолу 250 жаран  ар-кандай юридикалык кеп-кеңештерди ала алышты. Мындан тышкары аталган сайттан башкармалыктын ишмердүүлүгү дайыма чагылдырылып, элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифтердин баалары жайгаштырылган.

КР Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 сандуу «Коррупциянын келип чыгуу себептерин жоюу тууралуу» жарлыгынын алкагында, Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Талас облусундагы башкармалыгынын коррупцияга каршы бөлүмү тарабынан 2017-жылы   коррупцияга каршы иш чараларынын алкагында 15 мамлекеттик мекемелердин кызмат жамааттарында жалпы алдын-ала түшүндүрүү жыйындары өткөрүлгөн.   Көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында, Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Талас облусундагы башкармалыгынын  коррупцияга каршы бөлүмүнүн Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынын райондор аралык Кара-Буура жана Манас райондору боюнча бөлүмү менен биргеликте текшерүү иш-аракеттеринин жыйынтыгында топтолгон материалдардын  негизинде, жогоруда аталган бөлүмдүн тергөөчүсү тарабынан № 311-17-6 сандуу кылмыш иши КЖК-нын 211 жана 180-беренелери менен Кара-Буура районунун тургуну Султанкулов Мирланга карата козголгон. Тагыраак айтканда, М.Султанкуловдун белгисиз ишкерлер тарабынан Казахстан мамлекетинен Кыргызстанга элге керектелүүчү товарларды алып кирүүдө колдонушунун натыйжасында мамлекеттик салык карызы 1 млн. 899 мин 144 сомду түзгөн. Мындан тышкары, 2017-жылдын 26-апрелинде Талас облустук прокуратурасы менен бирдикте Талас районунун Көк –Ой айлындагы №6 лицейдин жетекчилеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча №170-17-07 сандуу кылмыш иши КР КЖК-нин 305 жана 350-беренелери менен козголгон, ошондой эле Манас жана Талас райондорунун социалдык фонд башкармалыктарынын КР нын жарандарына мыйзамсыз экинчи идентификациалык номерлеринин берилиши боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан, аталган факты боюнча №170-17-08 сандуу кылмыш иши КР КЖК-нин 304 жана 350-беренелери менен козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 2017-ж. 29-сентябрында, Башкармалыктын текшеруу иш-аракеттернинин жыйынтыгында топтолгон материалдардын  негизинде, Талас шаардык прокуратурасынын тарабынан, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жоопту кызмат адамдарына карата, Талас облустук ооруканасынын мекемесин ондоп куруудагы кемчиликтери үчүн факты боюнча № 168-17-106 санду кылмыш иши КР КЖК-нин 304  жана 315-беренелери менен козголуп, тергөө иштери улантылууда. Алдын ала такталган келтирилген чыгымдардын көлөмү 2 млн. 208 мин 891 сомду түзгөн.

Ошондой эле, башкармалыктын текшерүү материалдарынын негизинде, тергөө бөлүмү тарабынан Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы орто мектебинин курулушунда чыгымдардын одоно жогорулатуу фактысы боюнча Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жоопту кызмат адамдарына жана куруучу «Домахин» жеке ишкерине карата № 082-17-7010 кылмыш иши КР КЖК-нин 304 жана 171- берененлери менен козголуп, тергөө амалдары аткарылууда. Алдынала тастыкталган келтирилген чыгымдардын көлөмү 4 млн. 355 мин 913 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, башкармалыктын материалдарынын негизинде, мамлекеттик экотехинспекциясынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана «Туран Металь» ЖЧК тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын бузулушу фактысы боюнча текшерүү иш-аракеттери жүргүзүлүп, жер кыртышына келтирилген зыяндар тастыкталып, 2017 – жылдын 19 октябрында  мамалекеттик казынага накталай 588 мин сом айып өндүрүлгөн. Жогорудагылар менен кошо, Башкармалыктын текшерүү иш-аракеттеринин жыйынтыгында Талас шаардык прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Иманалиев Б.К. тарабынан Талас шаарынын тургуну  Э.Канаевден мыйзамсыз акча талап кылгындыгы тастыкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында Б.К.Иманалиевдин мыйзамсыз аракети айгинеленип, 2017 - ж. 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун №-691-К буйругу менен кызмат оордунан четтетилген.

Белгилей кетсек, 2017–ж. аралыгында МУККнин Талас облусундагы Башкармалыктын текшерүү материалдарынын негизинде жалпы аныкталган мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 13 млн. 648 мин 167 сомду түзүп, анын ичинен 1 млн. 299 мин сом өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Талас облусунун Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чогултулган материалдардын негизинде 2017-жылы КЖКнын 304,305,306,беренелерине ылайык 6 кылмыш иши козголгон. ЭККК кызматкерлеринин  материалдарынын негизинде  “АЛ-Мугни” ЖЧКсынын 2476500 сом зиян келтирген фактылары боюнча 2017-жылдын 30 август айында КР КЖК нын 304бер.2 бөл.белгилери менен Бакай-Ата прокуратурасы тарабынан 3164-17-44 сандуу кылмыш иши козголуп бүгүнкү күндө сотто каралууда. Ал эми Кара-Буура жана  Манас райондор аралык бөлүмү тарабынан,  2017-жылдын 9 айында  КЖКнын 350 беренелерине ылайык 1 кылмыш иши козголгон. Коррупцияга каршы аткарылышынын маалыматтары «Кара-Буура кабарлар»  гезитинин  21-февраль, 2017-жыл  №3-4(92 26) жана 2017-жылдын 24-март айынын №5-6 (94 28) санына  чагылдырылган.

Коррупцияга каршы форум түзүү практикасын  региондук деңгээлде жайылтуу боюнча иш жүрүүдө. Бул багыттагы иш-чараларды өткөрүүгө аянтча катары ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, райондук мамлекеттик администрацияларынын, мэриянын жыйын залдары белгиленип, иш жүрүүдө.

Жалпысынан 2017-жылдын 12 айында региондо коррупцияга каршы 434 дөн ашык форум жана жыйындар өткөрүлдү /. Жалпы 2015-2016-2017 жылдар боюнча талдоо маалыматка тиркелет.

Анын ичинен:

Мамлекеттик органдар менен: 61  Мамлекеттик эмес уюмдар менен: 132.              Жарандар менен 138.    Теле радио аркылуу 31. Газета журнал аркылуу 29. Интернет булактары менен 43.

Мисалы;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондусунун Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан областтагы медицина кызматкерлерине ММК Кошумча пакети боюнча, мамлекеттик камсыздандыруу программасынын дары менен камсыз  болушу,  ММК Полисин алуу, амбулатордук жана стационардык жардам алуудагы жеңилдиктер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.           ММК Фондунун Талас аймактык башкармалыгы менен келишимдин негизинде иштеген дарыканалардын жайгашкан жеринин даректери, тизмеги телевидение аркылуу элге маалымдалды жана ММК Фондунун new.foms.kg сайтына жайгаштырылды.

 

 

Коррупциянын алдын-алуу маселелери

боюнча ыйгарым укуктуу башкы адис                                                                     Р.Баетов



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь