КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Казакстан Республикасынын  Тараз шаарынын  “Достыкта жок шек ара...”  аттуу фестивалы  Таласта өттү

Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарынын  “Достыкта жок шек ара...”  аттуу фестивалы Талас шаарында болуп өттү. Тараз шаарынан келген делегацияны  Манас районунун Манас Ата айкелинин жанынан Манас райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдүрү, маданият кызматкерлеринин жана Шайыр апалар тобунун “Таласым” аттуу чыгармасынын коштоосунда кыргыздын  каада салтына ылайык нан, туз менен тосуп алышты.

 Коноктор,   Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин музейи менен таанышышып,   Манас баатырдын күмбөзүнө зыярат кылышты.

Андан соң,  Капар Медетбеков атындагы облустук драма-театрында “Достыкта жок шек ара...”  аттуу фестивалынын салтанаттуу  ачылышы болуп, анда ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев фестивалды ачып, Казак Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарынын делегациясынын жетекчиси, Казакстан элдеринин Ассамблеясынын башкы адиси У.Бабакуловага жана жалпы келген делегацияга каалоо тилектерин айтып, баалуу белектерин тапшырды.

Фестивалдын концерттик программасы Жамбыл облусунун филармониясынын алдындагы “Алатау” фольклордук ансамблинин аткаруусундагы чыгармалар, “Аккербез” бий ансамблинин  ар улуттун бийлерин жана белгилүү ырчылардын аткаруусунда болду. Өзгөчө  Казакстандын белгилүү ырчысы Оңал Азаматованын аткаруусундагы “Таласым” жана Маргулан Элсеитов менен Сулужан Эбенованын аткаруусундагы Чубак Сатаевдин “Арман” аттуу чыгармалары менен көрүүчүлөргө  жакшы маанай тартуулады.  

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь