КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кыргыз Республикасын Премьер-Министри  Сапар Исаков  Талас облусуна  иш сапары менен  болуп кайтты

2018-жылдын 12-январында  Кыргыз Республикасынын  Премьер-Министри  Сапар Исаков   Талас облусунда  иш сапары менен болуп кайтты.  Өкмөт башчысын   Талас районунун  Осмонкулов  айыл аймагынын  Талды булак айылынан  Кыргыз  Республикасынын  Вице-Премьер министри  Дайыр Кенекеев жана  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев  болуп  тосуп  алышты.

Алгач  Премьер- Министр, “Манас Ордо” улуттук комплексинде жайгашкан, Манас Атанын күмбөзүнө зыярат кылган соң,  Шекер  айылын көздөй  жол тартты.   Шекер айылынын “Күркүрөө” маданият үйүнүн алдында   жайгашкан  Чынгыз Айтматовдун эстелигине  гүл коюп, жазуучунун  аталган маданият үйүндө жайгашкан  музейи менен таанышты.

Андан соң, Ч. Айтматовдун  90  жылдык мааракесине   арналган  салтанаттуу жыйынга катышып,  жазуучунун  дүйнөлүк адабияттагы татыктуу ордун  белгилеп,  Айтматовдун кичи мекени болгон Шекер айылына  “Чынгыз Ордо “ комплексин куруу  боюнча бөлүнүп берилген   жер тилкеси  трансформация болуп, курулуш иштери үчүн 20 миллион сом акча каражаты бөлүнүп,  быйыл иш башталарын айтып өттү. Ошондой эле, залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата “Күркүрөө” маданият үйүнүн ремонтуна да 5 миллион акча берилерин билдирди.

Жыйындан  кийин, Премьер-Министр С.Исаков “Чынгыз Ордо” комплекси курулуучу  жер менен  таанышты.

 Түштөн кийин, Манас районуна караштуу Май айылындагы Ш. Кочкорбаев атындагы 320 орундуу мектептин ачылуу аземине катышып,  мектепке  компьютерлерди, принтерлерди жана  телевизорлорду белек кылуу менен бирге, спорт  залын куруп берүү  жагын  убада кылды. 

Иш чарадан соң,  Манас районунун  Кеңеш айылынын аз камсыз болгон  тургуну  Бопушева Аселдин үй-бүлөсүнүн абалы менен   жакындан таанышып материалдык жардам көргөзүп,  көмүр отуну менен   камсыз кылуу боюнча  Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге  тапшырма берди.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь