КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер

Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүндө 2017-жылы бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн. Белгилеп айтсак имараттын сырткы көрүнүшү ремонттолуп,  287000 сомго  айнектери пластик айнекке алмаштырылган. Мындан тышкары имараттын алды асфальтталып жарыктандыруулар орнотулган. Ар бир кызматкердин иштөө кабинети азыркы замандын талабына ылайк ремонттолуп кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүлгөн. Мекемеге 60 000 сомго видиео камералар орнотулган.          

Райондун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга  тактап айтканда   Кызыл-Адыр айылынын тургуну Айтымбетова Зуурага 5000 сом, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2005-жылы туулган Сагынбаева Нургульдун атасы Жолдошбеков Эркинбекке 3000 сом өлчөмүндө даректүү  жардамдарды   көрсөтүшкөн.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь