КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Урматтуу мекендештер!

 

Урматтуу мекендештер!

кадырлуу калайык калк!

 

Сиздерди  жаңы 2018 - жылыңыздар менен ак дилимден куттуктаймын!

Өткөн 2017-жыл күнөстүү мекенибиз үчүн анын ичинде  Талас   облусу үчүн ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпайм.

Эң негизгиси, элибиз   узап  бара жаткан жылдын  маанилүү саясий  өнөктүгү болгон  президенттик шайлоолорду, “бир  жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымак-ырашкерликте  татыктуу таза өткөрүп алдык.

Башкача айтканда эл өзүнүн  өнүгүүгө  багытталган  6 жылдык  жолун аныктады.  Андыктан  ар бирбиз,  жоопкерчиликти өзүбүздөн баштап  “каруубузду казык” кылып эл-жер үчүн  ак кызматыбызды арнашыбыз керек деп эсептейм.

 

Урматтуу мекендештер!

кадырлуу калайык калк!

 

Жаңырган жаңы жылда,  Касиеттүү Талас жергесинин байманалуу журту, талыкпаган эмгек,  ширелишкен ынтымак менен   алдыга койгон баардык  максаттарды чогуу-чаран ишке ашырабыз деген  терең ишенимдемин.

Сиздерге жаңы-жылда чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм. Ар бир үйгө кут жылоолоп, береке артып, ырыс ынтымак өкүм сүрсүн! Айкөл Манас Атанын ордосу болгон касиеттүү Талас жергесинде опол тоодой ийгиликтер жаралып, жакшы саамалыктар  мол болсун!

Эгемендүү өлкөбүз чыңалып, кубаттанып өсүп, өнүгө берсин!

 

Жаңы-жылыңыздар менен!

 

 

 



2 КОММЕНТАРИЕВ

Guest 30-12-2017 10:51:58

почему на русском нету ????

Guest 30-12-2017 10:52:19

????

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь