КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

КАРА-БУУРА РАЙОНУНДАГЫ ЫСЫМЫНА СЫЙЛЫГЫ ШАЙКЕШ КЕЛГЕН ЭЖЕКЕ

Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп жатат.  Алардын катарында Нарын облусунда өткөрүлгөн “Китепканачылардын IX форумун” атоого болот. Форумдун алгачкы күнү практикалык-семинардык сааттарга арналса, экинчи күнү анын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Китепканачылардын арасынан өз ишин мыкты билген жана берилген тапшырмаларды жогорку чеберчиликте аткарган 4 китепканачыга “Китепкана жылдызы” сыйлыгын тапшырышты.

Мындай сыймыкка татыктуу болгондордун катарында Кызыл-Адырдагы Ашым Жакыпбеков атындагы борборлоштурулган китепкананын окуу залынын башчысы Жылдыз Акымбекова да бар. Ал 37 жылдан бери өз окурмандарын китеп окууга үндөп, адамдардын ички жан-дүйнөсүнүн байлыгын арттырууга аракет жасап, эмгектенип келет. Китепканачы буга чейин деле өз кесибинин устаты катары эл арасына жакшы таанымал болуп, бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Антсе да, “Китепкана жылдызы” деген даража өз ысымына шайкеш келип, “Бул менин эмгек жолумдагы унутулгус окуялардын бири  болуп калды окшойт” деп, сыймыктануусун жашыргысы келбейт.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь