КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура районундагы  ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Биз биргебиз” акциясы

2017-жылдын 8-декабрында “Аяр Жан” ДМЧ балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунда Эл аралык майыптар күнүнө арналган “Биз биргебиз” аттуу акция өткөрүлдү. Акцияга Кара-Буура айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мекеме-уюм кызматкерлери, жетекчилери, 10 ДМЧ балдар, алардын ата-энелери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Алгачкы сөз Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары С.Карбозова куттуктоо сөз менен райондо майыптар үчүн аткарылып жаткан иштери тууралуу кыска маалымат берип кетти.

Кара-Буура айыл өкмөтүнүн кызматкерлери чыгып сүйлөп, айыл өкмөтүндө каттоодо турган майыптарга үйлөрүнө барып, азык-түлүк түрүндө берилген жардамдар, борборго келген ДМЧ балдарга бериле турган пакеттер жана ушул күнү уюштурган дасторкон тууралуу айтып кетишти.

Мекеме-уюм жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү чыгып сүйлөп, уюштурулган кутучага салымдарын тапшырыш кетишти.

ДМЧ балдарга тамак берилип, чогулгандарга райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери чакан концерттик программа тартуулашты.

Райондук маданият бөлүмү тарабынан 10 ДМЧ балага азык-түлүк түрүндө пакеттер тапшырылды. 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь