КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

КАРА-БУУРАЛЫКТАР КЫЙЫН ЭКЕН

Райондук мамлекеттик бийликтин жаш үй-бүлөлөрдү колдоо жана аларды спорттук иш-чараларга тартуу максатында көтөргөн демилгесине ылайык ноябрь айынын 2-декадасында “Атам, апам үчөөбүз- биз дени сак үй-бүлөбүз” деген чакырык алдында интеллектуалдык мелдеши уюштурулуп, ага айыл аймактарынан 17 команда катышты.

Жыйынтыгында Кара-Буура айыл Өкмөтүнөн Нурлан Мажитовдун үй-бүлөсү жеңүүчү деп табылды. 2-орунга Чымкент айылынан Н. Жунусбековдун, 3-орунга Маймак айылынан Т. Сейталиевдин үй-бүлөлүк командалары чыкты. Жеңүүчүлөрдүн баарысына райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук жаштар иштери, спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн дипломдору  жана баалуу белектери тапшырылды.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь