КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Чынгыз  Айтматовду эскерүү күнү болуп өттү

12- декабрда  Талас шаарында жайгашкан  Чынгыз  Айтматовдун  эстелигинин жанында жазуучуну эскерүү иш чарасы болуп өттү.  Иш чарага  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү  Марат   Мураталиев катышты. 

Ыйгарым укуктуу өкүл  өз сөзүндө, жазуучунун дүйнөлүк  адабияттагы жогорку ордун баса белгилеп,  “ жыл өткөн сайын,   Айтматовдун   ааламга    тараган атагы, анын экинчи өмүрүнө айланган чыгармалары  аркылуу, улам жаңы  бийиктиктерди  багынтып жатканы   жалпыбыз үчүн  зор кубаныч” деди.   Андан соң   мектеп окуучулары, жазуучунун   чыгармаларынан  үзүндүлөрдү жана Айтматовго арналган акындардын ырларын көркөм  окушту. 

Иш чаранын экичи бөлүгү, Кара-Буура районундагы    “Семетей”  кинотеатрынын алдында жайгашкан  Чынгыз Айтматовдун айкелинин  алдында уланды. Чогулгандар Айтматовдун   чыгармаларын талкуулашып, залкар жазуучуну эскерип өтүштү.

Иш чаранын үчүнчү бөлүгү, Айтматовдун кичи мекени  Шекер айылында  уланды.   Айылдын  маданият үйүндө, Шекер элдик театры  тарабынан жазуучунун чыгармаларынан   үзүндүлөр   айыл тургундарына жана келген конокторго  тартууланды.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь