КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Жакшы жашоого шарт түзүлдү

Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген турмуштук оор кырдалга кабылган үй-бүлөлөрдү, балдарды табуу тартиби жөнүндө жобонун негизинде Акназаров айылдык аймагында 2 үй-бүлө каттоого алынып, алардын муктаждыктары аныкталган. Муктаждыктарына карата план түзүлүп, бир топ иштер аткарылып социалдык жардамдар көрсөтүлдү. Алып айтсак, Үрмарал айылынын тургуну Сулайманова Келсиндин муктаждыгын аныктоодо 2016-жылы короо сарайы жок кышында бир уйун жазга араң алып чыккан. Ошол себептен бул үй-бүлөгө короо сарай салып берүүгө, дубалын курууга Акназаров айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинен төө кирпич сатып алууга 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди жана фундаментине таш, кум, топурак түшүрүлгөн. Короо сарайды куруп берүү жумуштарын уюштурууну айылдык кеңештин депутаты Кененбек уулу Азамат колго алган. Ошол эле айылдын ыктыярдуу жарандары Дуулат, Нуржигит соопчулукка деп эң төмөн баа менен сарайдын курулушун бүтүрүп беришти. Ал эми эмгек акысын Үрмарал айылынын тургундары ар бир түтүнү 50 сомдон 10000 сом чогултуп беришти. Мындан тышкары Сулайманова Келсиндин үй-бүлөсүнө 2 куб жыгач отуну, азык-түлүк сатып алууга 5000 сом акча каражатын Акназаров айылдык кеңештин жергиликтүү бюджетинен берилди. Аталган үй-бүлөнүн огородунун тегерегиндеги талдарды Кененбек уулу Азамат өз күчү менен жыгып, кышка даярдап майдалап берди. Бул үй-бүлө «Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан “Нур Бала” коомдук бирикмесине аз камсыз оорукчан кызы бар жардамга муктаж үй-бүлө катары сунушталып аталган бирикме тарабынан кайтарымсыз саан уй сатылып алынып берилген.

Жогорудагы үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөткөнү үчүн Кененбек уулу Азаматка райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ыраазычылык каты тапшырылды.

Ушундай эле жашоо шарты оор кырдалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө айылдын азаматтары чыгат деген чоң ишеничибиз бар.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь