КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Таласта кезектеги облустук коллегия болду

  Таласта кезектеги облустук коллегия болуп, облустун аймагында малдарды идентификациялоодогу көйгөйлөр жана жерлерди инвентаризациядан өткөрүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Мындан тышкары, "ТАЗА ТАЛАС" долбоорунун негизинде облус аймагында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү боюнча бир жумалык жарыяланып, Райондук мамлекеттик администрацияларга, Талас шаардык мэриясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекеме-уюмдарга “Тараз-Талас-Суусамыр” автожолунун жана Талас дарыясынын жээгин тазалоо милдеттендирилди.
  Ошондой эле, көчө боюнда жайгашкан электр мамыларындагы жарнамаларды, эскирген сүрөттөрдү алып, түнкү жарыктандыруучу чырактарды коюп, таштандылардан тазалоо боюнча талаптар коюлду.
Коллегиянын соңунда Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, татыктуу иш алып барып жаткан кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан ар кандай демилге берүүчү сыйлыктар тапшырылды.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь