КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Актайдын аты берилди.

20-ноябрь күнү белгилүү балбан, Кыргыз күрөш боюнча спорт чебери Актыбек Түйтеевдин ысымы менен Акназаров айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылында заман талабындагы спорт залы ишке берилди. Имарат АРИС программасынын «Айылды инвестициялоо долбоору-3» алгакында курулуп, ичинде жуунуучу, ажаткана жана кийинүүчү жайы менен бирдикте салынып, оюн аянтчасы волейбол жана баскетбол оюндарына ылайыкталып жасалды. Аталган айылда мындан башка К.Султаналиев орто мектебинин аймагында кичи футбол аянтчасы да ишке берилди.

Спорт залдын ачылышына карата уюштурулган күрөш, волейбол, футбол боюнча мелдештерге район аймагынан барган ышкыбоздор арасында мелдеш өткөрүлдү.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь