КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Алгачкы билим уя 90 жашта

18-ноябрь күнү Кең-Арал айылынын Аман Арыстанов атындагы орто мектебинин жаш муундарга тарбия билим бере баштаганына быйыл 90 жыл болду. Алгач төрт жылдык башталгыч билим мекемеси болгон билим уясы кийин 8 жылдык андан кийин толук орто мектеби болуп уюштурулуп, бүгүнкү күндө кошумча «Балалык» программасынын негизинде кыска мөөнөттүү бала бакчасы да мектеп имаратында өз ишин алып барууда. Токсон жылдык мааракеге ардагер мугалимдеринен тарта орто мектеп аталганы алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн, Аман Арыстановдун неберелеринен келип куттукташыптап кетишти. Мааракеде мектептин тарыхы, Аман Арыстановдун атынын берилиши жана мектептин ийгиликтери менен чыгаан бүтүрүүчүлөрү тууралуу баяндама болду.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь