КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакайыр айыл айыл аймагында балдар бакчалары ачылды

2017-жылдын 13-ноябрында Бакайыр айыл аймагындагы Ак Башат айылында «Ийгилик» балдар бакчасы жана 3 сааттык бала бакчасы ачылды.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ч.Төрөкулов, Кара-Буура районунун акими Б.Сыдыкназаров, акимдин орун басары С.Карбозова, райондун мекеме-уюм жетекчилери, мектеп директорлору катышышты.

Келген коноктор жана айыл тургундары жаңы ачылган мекемелерге куттуктоо сөздөрүн айтышып, ар тараптан жардам көрсөтөрүн белгилеп кетишти. 

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь