КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура районунун күнү белгиленди

10-ноябрында Кызыл-Адыр айылында Кара-Буура районунун 87 жылдыгы белгиленди. Майрамдын ачылышы менен Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары Т.Айманбетов райондун тарыхы, жетишкендиктерин айтып, майрамга катышкандарды куттуктап кетти. Маданият бөлүмү тарабынан даярдалган сценарий боюнча концерттик программасынын коштоосунда мекеме-уюм жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты. Бишкек шаарынан келген ырчылар И.Үмөтбеков, А.Мамырбай уулу, А.Сейталиева жана райондун айылдарынан келген ырчылар, манасчылар, комузчулар өз чыгармаларын тартуулап, катышуучулардын көңүлдөрүн ачышты.

Иштелип чыккан жобонун негизинде уюштурулган кароо-сынактын жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана баалу белектер ыйгарылды.

Райондун аймагында көп жылдан бери эмгектенип келген ишкерлерге жана кызматчыларга акимдин “Ардак грамотасы”, Ыраазычылык барактар” тапшырылды.

Майрамга карата кол өнөрчүлөрдүн, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.  

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь