КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

“Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө”

2017-жылдын 20-ноябрында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 сандуу “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы “2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө” №170 токтомунун негизинде 2017-жылдын 9 айында аткарылган иш чаралар боюнча мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү.   Жыйында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адиси, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун м.а. Г.Жолдошалиева Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, башка ченемдик укуктук актылар жана аларда белгиленген милдеттер, чаралар тууралуу баяндама жасап, түшүндүрмөлөрдү берип кетти. Ошондой эле, Г.Жолдошалиева өз сөзүндө райондо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, айрым кемчиликтерди белгилеп кетти. Тактап айтканда, жетекчилер тарабынан коррупцияны алдын алуу маселесине тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, системалуу коррупцияны жана тиешелүү коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча ведомстволук иш-чаралар пландары аткарууга алынбай, толук кандуу отчеттук маалыматтар даярдалбай келгендиги, калкка кызмат көрсөтүүдө ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган иш-аракеттердин жетишсиздиги. Жыйынды жыйынтыктап, райондун акими К.Осмонбеков аталган Жарлыкта калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү милдетин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтө маанилүү милдеттеринин бири катары аныкталгандыгын баса белгилеп, райондук мекеме-уюмдардын жеткчилерин, айыл өкмөт башчыларын бул маселеге олуттуу мамиле кылууга чакырды.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь