КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Арал айылында бала-бакча ачылды

АРИС долбоору аркылуу 15,0 млн сомдук бала-бакча 2016-жылы проектиси кирип, 2017-жылдын 17-ноябрь күнү бала-бакчанын ачылыш аземи өткөрүлдү.

Бала-бакчанын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ч. А. Төрөкулов, Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б. Б. Дүйшөбаев, Манас районундагы айыл өкмөт башчылары, мекеме уюмдун жетекчилери жана АРИС уюмунун өкүлдөрү катышышып, өз ой тилектерин жана куттуктоо сөздөрүн, ыраазычылыктарын билдиришти.

 Бала-бакчанын курулушуна Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын тургундары тарабынан жана айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 76 миң сом кошумча салым болуп, жалпы 16 млн 76 миң сомго бүткөрүлгөн.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь