КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча

Бакай-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгында бүгүнкү күндө 6 мамлекеттик ветеринардык 2 фитосанитардык жана 4 техникалык персоналдык кызматкерлер эмгектенишет. Биздин башкармалык келишимдин негизинде районубуздун аймагындагы бардык айыл аймактарда 19 жеке менчик ветеринардык врачтар менен иш алып барып, бардык айыл чарба жаныбарларын тейлешет.

Районубузда эпизоотиялык абал тынч жана туруктуу. Бүгүнкү күндө айыл чарба жаныбарларынын арасында диагностикалык жана алдын ала эмдөө иштери жүрүп жатат. 2017-жылдын жарым жылдыгында районубуздагы ири мүйүздүү малдарды каттодон (идентификация) райадминистрация жана айыл аймактар менен биргеликте ийгиликтүү өткөрүлүп, 2чи этап башталууда.

Жеке менчик ветеринардык врачтарыбызга мамлекетибиз АРИС тарабынан окутууларды өткөрүп, ветеринардык врачтарга 1,500 AKШ доллары менен керектүү заманбап шаймандарды берүү алдында турат. Ошондой эле мамлекет тарабынан каржыланып, Бакай-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгында жаңы типтеги имарат курулуп бүтүп пайдаланууга берилди.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь