КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Талас шаарына 6  жаңы  светофорлор  орнотулду

Талас шаарынын Чынгыз Айтматов көчөсүнө  башка көчөлөр менен кесилишкен   аймактарга 6 светофор орнотулду. Аталган  жумуштар Талас-Тараз-Суусамыр  магистралын реконструкциялоо  долбоорунун  алкагында   ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, алгачкы долбоорго  жогоруда аталган светофорлор жана жол жээктериндеги тротуарлар менен  лотоктор кирбей калган. Андыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ошол  кездеги  ыйгарым укуктуу өкүлү  Дайыр Кенекеевдин демилгеси менен  долбоорго өзгөртүүлөр киргизилип светофор,  жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар жана   суу агуучу лотоктор кошумча киргизилген.  Учурда  лотокторду жайгаштыруу жана   жоо адамдар жүрүүчү жолдун ордун дайындоо иштери кызуу жүрүүдө.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь