КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Атада райондук коллегия кеңешмеси өткөрүлдү

2017-жылдын 13-ноябрында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында 9 айдын жыйынтыгы менен райондук коллегия кеңешмеси өткөрүлдү. Жыйында күн тартибине район аймагынын жыл башынан берки социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү, район аймагындагы спорт тармагындагы жетишкендиктери жана “Кыргызтелеком” ААК Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн иш аракеттери тууралуу маселелер каралды.

Жыйынтыгында каралган маселелерге чечимдер кабыл алынып, айрым кемчиликтер жыл жыйынтыгы менен кайрадан күн тартибине коюлары белгиленди.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь