КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-буура райондук маданият кызматкерлери 135,0 миң сом менен сыйланды

КРнын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин демилгеси менен “Салттуу маданият жумалыгы” деген аталышта уюштурулган кароо-сынак өзүнүн мазмуну менен көпчүлүктүн купулуна толду. 7 дубандан келген  манасчылар, комузчулар, акындар, ырчылар Талас облустук К. Медетбеков атындагы драма театрында өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жыйынтыгында Кара-Буура районунун Сологой ырчы Сооронбек атындагы балдар музыкалык мектебинин жетекчиси Акмат Токонов, Нурак Абдрахмановко таандык “Атиллахан” күүсү менен комузчулар арасында биринчиликти алып, 100,0 миң сом акчалай сыйлык утуп алды. Ырчылык өнөрү менен барган маданият үйүнүн кызматкери Гүлсара Райымкулова 2-орунду  ээлеп, 35,0 миң сомго ээ болду . 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь