КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Суу чарба тармагынын кызматкерлеринин күжүрмөн күздө да иши көп

Суу чарба тармагынын кызматкерлеринин күжүрмөн күздө да иши көп. Жалпы Бакай-Ата району боюнча 26651 га сугат жер аянты бар. Сугат ирригациялык тутмунун жалпы узундугу 541, 63 км, анын ичинде 82,24 км чарба аралык каналдар жана 459,39 км ички чарбалык каналдары түзөт. Ошондой эле район боюнча 385 даана суу бөлүштүрүүчү курулмалары, 61 даана суу өлчөөчү чектер  жана 32 даана суу топтоочу курулмалар райондун ирригация тутумун түзөт. Бакай-Ата суу чарба башкармалыгы Үрмарал дарыясынан суу берилүүчү Объединяющий каналын, Кызыл-Жар, Кайназар-1, Жалпактил, Көл-Түкөк, чарба аралык “Калининский”, “Көк-Жар-Н” каналдарын, Кең-Арал насостук станциясын тейлейт. Жыл башынан бери аталган каналдарды механикалык тазалоо боюнча иштери 5802,5 миң сомго аткарылган. Учурда Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгы  каналдарды тазалоо иштерине жүргүзүүдө.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь