КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында координациялык кеңешме болуп өттү

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында координациялык кеңешме болуп өттү. Анда жаш өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамиле жана зордук зомбулук темасынын айланасында райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөт башчылары, мектеп мүдүрлөрү, РИИБ, район прокурору, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун өкүлдөрүнүн жана мектеп парламентинин президенттеринин катышуусунда тегерек стол уюштурулду. Алгач өткөн жылдагы жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун быйылкы жыл менен салыштырмалуулугун жана көрүлгөн чаралар талкууланды. Талкуу учурунда айыл өкмөт башчылары тарабынан балдардын бош убактыларын толтурууда биргеликте иш чараларды уюштуруу сунушу болсо, билим берүү мекемеси тарабынан балдардын чоң адамдардан зордук көрүүсүнө карата айрым иш чараларды уюштуруу сунушу айтылды.

Негизинен жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук уурулук категориясы менен катталып, көбүнчө мектептеги билим алган убакыттан кийин ата-эненин көзөмөлүндө болгон учурда, башкача айтканда, кечинде катталууда. Район прокурору жаш өспүрүмдөргө көрсөткөн зордук-зомбулукка ата-энелерге айып пул салуу керектигин айтты.

Негизинен жыйын сайын жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка ар дайым мектеп жамааты жоопкерчилик тартып келери малым. Бул кеңешмеде кылмыш жасаган мектеп окуучусунун ата-энесин дагы жоопкерчиликке тартуу сунушу айтылды. Узун талкуудан соң кеңешме райондук мамлекеттик администрация жана район прокурору айыл өкмөттөрү менен биргеликте ата-энелердин чогулушун өткөрүүгө, мектеп окуучуларынын өз аракеттеринин аркасы менен мектептеги коопсуздукту колго алуу сыяктуу чечим кабыл алышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь