КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Ата районунун бардык айыл аймактарынын жер фондусуна инвентаризациялоо жүргүзүлгөн

Кыргыз Мамлекеттик “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институнун  Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы  №114 сандуу токтомуна ылайык  2015-2016-жылдары  Бакай-Ата районунун бардык   айыл аймактарынын  административдик чегиндеги жер фондусуна (калктуу конуштардан тышкаркы жерлерин) инвентаризациялоо жумуштары жүргүзүлгөн.  Инвентаризация иштери акыркы жолу 1991-жылы жүргүзүлүп, андан бери 25 жыл аралыгында көп деген өзгөрүүлөр болгон. Тактап айтканда район боюнча айдоо  кунарсыз жер аянттары өздөштүрүлүп, анын эсебинен  айдоо суугат жер аянты 1817,1 га болуп көбөйгөн.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь