КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Боо-Терек  айылы бала-бакчалуу болду

Боо-Терек айылынын   50 орундуу  жаңы бала-бакчанын ачылыш  аземи болуп өттү.  Иш чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев  катышып куттуктоо  сөзүн сүйлөдү.   Дайыр  Кенекеевдин айтымына караганда,  №9- уй-бүлөлүк дарыгерлер  тобунун  эски  имаратына  түрткү берүүчү грант аркылуу  3 миллион  150 миң сомго ремонт иштери жүрүп, бала бакчага ылайыкташтырылып баардык шарттары түзүлгөн.   Роза Отунбаеванын демилгелер  фонду 200 миң, айыл өкмөтү 150 миң  сом акча каражатын бөлүп,  керектүү жабдыктар жана эмеректер сатылып алынган.  Учурда  бала бакча  пайдаланууга  берилип  45  бала тарбияланып жатат.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь