КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакайыр”  көмөкчү чордону ишке берилди

Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, Бакайыр”  көмөкчү чородонунун  ачылыш аземине катышты. Өз сөзүндө Өкүл: энергетиктерди  жана Талас элинин тургундарын куттуктап   “электро-энергияга  болгон керектөө жылдан-жылга   көбөйүп жатат.  Бүгүнкү күнү элибиздин жашоосун электр энергиясыз элестетүү деги эле мүмкүн эмес. Анткени электр энергиясын, күнүмдүк турмуш-тиричилигибизде,  электр жабдыктарын пайдаланууда кеңири колдонуп жатабыз. Демек  элибизге үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу үчүн, тийиштүү  иш-чаралар   өз убагында  аткарылып туруусу  талапка ылайык” – деди. 

Белгилей кетчү  жагдай, “Бакайыр”  көмөкчү чородонунун ишке берилиши менен,  Ак-Башат,   Молдо-Асан,  Көк-Дөбө  айылдарын  электр энергиясы  менен үзгүлтүксүз    камсыз кылууга зор мүмкүнчүлүктөр  түзүлдү.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь