КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Энелер биздин сыймыгыбыз, биздин дөөлөтүбүз, биздин асманда жанган өчпөс жылдызыбыз.

Урматтуу саамай чачын ак баскан энелер! 
Ардактуу апалар, эжелер!


     Эне деген - керемет сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп, жашоодо алгачкы кадамды таштоого жөлөк болуп, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Энени жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Мына ошондуктан күн нурундай жылуулукту, аруулукту жана мээримдүүлүктү даңазалаган бүгүнкү күн Энелерге арналган.
     Жалпы мусулман калкы, анын ичинде кыргыз эли да “Бешик термелткен кол дүйнөнү термелтет”, “Эненин таман алды - бейиш”, “Энелер Ата-Журтка кубат берет”- деп эң асыл, эң ыйык, эң улуу сөздөрүн биздин энелерибизге арнап келишкен.
     Энелер биздин сыймыгыбыз, биздин дөөлөтүбүз, биздин асманда жанган өчпөс жылдызыбыз.
     Энелер ар дайым чың ден-соолукта, арабызда бар болуңуздар, ар дайым уул-кыздардын, небере-чөбүрөлөрдүн жакшылыгын көрүп, үйдүн куттуу төрүндө бактылуу өмүр сүрүңүздөр!
     Майрмаңыңыздар менен ардактуу апаларыбыз, энелерибиз!



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь