КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура райондук мекеме уюмдар ортосунда уюшулган спорттук мелдештер

2017-жылдын 6-октябрында Кара-Буура райондук мекеме уюмдар арасында райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен спорттун 5 түрүнөн мелдештер өткөрүлдү. Иш чарага райондун мекеме уюмдары активдүү катышып, футбол оюну боюнча 1 –орун РИИБ , 2-орун райондук мамлекеттик администрациясы, 3-орун райондук күзөт бөлүмүнө ыйгарылды.

Кыздар арасында Волейбол оюну боюнча 1-орунга Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командасы, 2-орунга Кыргыз Почтасы, 3-орунга райондук мамлекеттик администрациясы татыктуу болушту.

Балдар арасында Волейбол оюну  боюнча 1-орунга  Күзөт бөлүмү, 2-орунга өрткө каршы бөлүмү, 3-орунга мамлекеттик жаратылыш  паркы ээ болушту.  

Аркан тартыш оюну боюнча 1- орун РИИБ, 2-орун Өрткө каршы кызматы, 3-орунга Күзөт бөлүмү татыктуу болгон. 

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь