КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземине  президент Алмазбек Атамбаев катышты

  11-октябрда, Талас  шаарында  жайгашкан  К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп  өттү.

  Иш чарага  Кыргыз Республикасынын  президенти Алмазбек Атамбаев катышты. Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп,  шаардыктарды бул кубанычтуу  окуя менен куттуктады. Атамбаев.

  “Талас жергесинде  өнөрлүү  көп адамдар чыккан. Байдылда Сарногоев, Сүйүнбай Эралиев өңдүү таланттар төрөлгөн... Мен бул театрды карап туруп, Талас Кыргызстанга Чыңгыз Айтматов сыяктуу жаңы таланттарды тартуулайт деп  ойлоп турам”,- деди Алмазбек Атамбаев.

  Президент  Кыргызстан  эл тандап алган жолдон чыкпаш керектигин баса  белгилеп, кыргызстандыктарды жаркын келечек күтүп тургандыгын кошумчалады.

  Президент Алмазбек Атамбаев сөзүн аяктап, Талас музыкалык драма театрынын кызматкерлерине  финансылык жардам иретинде 1 млн сомго сертификат тапшырып, театрды кыдырып көрүп чыкты.

  Эске салсак,  2008- жылы пайдубалы  түптөлгөн театр курулуш иштерине каржылоо жетишсиздигине байланыштуу драма театрынын курулушу   создуктурулуп  келген. Театрдын курулушу толук аяктоо үчүн Президент Алмазбек Атамбаевдин чечими менен  президенттик социалдык   коргоо  жана колдоо фондунан 45 млн сом бөлүнгөн.

  Театрдын имараты жана техникалык жабдуусу бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң мыктылардын бири. Техникалык жабдуулар Түштүк Кореядан, эмеректер Россия Федерациясынан алынып келинген.  Көрүүчүлөр залы 500 орунга эсептелген.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь