КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кыска мөөнөттүү бала-бакчалар жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри тарабынан “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоору мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санын көбөйтүү жана мектепке чейинки билим берүү сапатын жогорулатуу, сапаттуу мектепке чейин билим берүү мумкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында билим берүү мекемелеринен долбоорго Манас районунун 4 мектеп  350 орундуу балдар бакчасынын долбоору кабыл алынып, мектептин имаратынан атайын бөлмөлөр бөлүнүп, ичине талапка ылайык оңдоп-түзөө иштери жасалып, мугалимдер жана окуучулар үчүн стол, стулдар, кийим илүүчү шкафтар, китеп коюучу стеллаждар, магниттик доскалар, балдарды окутуу үчүн усулдук колдонмолор, дидактикалык материалдар, сыртка атайын аянтчага ойноочу комплекс “Карусель”, комплекс “Брусья” жана жыгач отургучтар орнотулган. Мындан тышкары бөлмөлөрдү жылуулук менен камсыздоо, кол жуучу жай жана ажатканалар курулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

  Жогорудагы 4 мектептин ичинен Кыргызстан айыл аймагына караштуу Көк-Дөбө айылында жайгашкан С.Дүйшембиев атындагы орто мектебинин 2 бөлмөсүнө жергиликтүү бюджеттен – 86,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Жаңы окуу жылынан баштап, балдарды кабыл алып,окуучулар билим алууда.

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь