КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Улуттук тил күнүнүн атына Э.Капалов атындагы орто мектебинде облустук деңгээлде иш чара уюштурулду

  Улуттук тил күнүнө карата

  Тарыхты, маданиятты, каада-салтты – тил сактайт.

  Улуттук тил күнүнүн атына Э.Капалов атындагы орто мектебинде облустук деңгээлде иш чара уюштурулду. Анда тил күнүнө кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча уюткулуу улуу журттун тилин даңазалоо, кыргыз эли карт тарыхтын ээси экендигин тастыктоо менен, «Улут көркү – улуу тил» аттуу темада семинар өткөрүлдү.

  Ага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Осмонбеков Канымет, облустук мамлекеттик тил комиссиясынан Озокеева  кыргыз элине таанымал Бектур Исаков, Советбек Байгазиевдер келип иш чарага пикир кошуп, ой бөлүштү. Тема алкагында үндүүлөрдүн үндөшүүсү, публицистикалык стиль, лирикалык ырлардын бөлүнүшү менен каада-салт ырлары жана Бакай-акылмандуулуктун көрөңгөсү аттуу 6-8-10-жана 11-класстын окуучуларында ачык сабактар өткөрүлдү.

  Бул мектептин окуучулары көркөм өнөр жагынан дагы район аралык, облус аралык кароо сынактарга катышып өздөрүнө татыктуу орундар менен кайтып келишет. Мына ошол сахналаштыруу, көркөм ырлардын ийримин негизги сабагы менен кошо жетектеп жүргөн Аттокурова Жылдызай облустук иш чаранын өзү эмгектенген мектепте өтүшүнө себепчи болгон. Ал 2004-жылы Талас мамлекеттик университетин эң жакшы деген баа мегег аяктаган. 2014-жылдан тарта Э.Капалов орто мектебинде эмгектенип келет. 2016-жылы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланган. Кийинки эле жылы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган. 2011-жылдан тарта жазуучулар союзуна мүчө, 2017-жылдын «Үлгүлүү кыргыз тилчи» кароо сынагынын жеңүүчүсү. Мектеп мүдүрү өз сөзүндө Ж.Аттокурова тууралуу аз гана убакыт мектепте эмгектенсе дагы эмгек жамааттын жана окуучулардын «жүрөгүнөн» орун алган чыгармчыл педагог катары баалады. Бүгүн дагы Жылдызай эжекеси жетектеген чыгармачыл жамаат өздөрү жараткан ыр чачыласы жана Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын карманы Нүзүп аталыктын балалык чагынан тарта, бий көтөрүлүшү, ордо башкаруусу сыяктуу өмүрүнүн урунттуу учурларын чагылдырган «Нүзүптүн оту» постановкасын келген конокторго тартуулашты.

  Ал эми мектептин тарыхына кайрыла турган болсок 1986-жылы 140 орунга ылайыкталган бала бакча болуп ачылган. 2001-жылы кайра оңдолуп мектеп катары колдонууга берилген. Учурда 27 класс комплекте 627 окуучу билим алат. Анын ичинен 3 класс «Наристе» программасы менен билим алышууда.12 «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээлери, 3 Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээлери болуп жалпы 40 мугалим эмгектенет. Ысык тамак боюнча өткөн окуу жылында «Mercy corps» уюмуна кирип, ашканасы оңдоодон өткөрүлүп, 245 окуучуга ысык тамак берилүүдө.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь