КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

22-сентябрында Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу кароо сынак болуп өттү

  2017-жылдын 22-сентябрында Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин алдында Мамлекеттик тил күнүнө карата райондун мектептеринин арасында “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”  аттуу кароо сынак болуп өттү.

  Кароо-сынакка 13 мектеп катышып, Мамлекеттик тилдин кадыр- баркын көтөрүү максатындагы көркөм окуулар, атуулдук темадагы обондуу ырлар, кыргыздын улуттук бийлери аткарылып, дубал газеталардын кароо сынагы өткөрүлдү.                                            Кароо сынактын ачылышы кыргыз тилинин гимнин аткаруу менен башталды. Кароо сынакка 8-11-класстын таланттуу  окуучулары катышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон обондуу ырларды, эне тилине арналган көркөм окууларды кыргыздын улуттук ыр, бийлерин жогорку чеберчиликте аткарып беришти. Атап айтканда, М.Чалданбаев, Ч.Айтматов, Б.Шамратбеков, А.Калыбаев атындагы орто мектептеринин кароо сынакка даярдыгы жакшы экендиги калыстар тобу тарабынан бааланып, белгиленди. Ошондой эле А.Токтогожоев, Кайнар, Э.Эсенаманов, Дүйшөн, Р.Осмонов атындагы орто мектептер дагы активдүү катышкандыгы белгиленди. Жыйынтыгында М.Чалданбаев атындагы орто мектеби 1-орунга, ал эми Ч.Айтматов, Б.Шамратбеков ат.орто мектептери 2-орунга ээ болушуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь