КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Урмарал орто мектебине МЭРСИКО бей  өкмөт уюмунун кызматкери келип семинар-тренинг өттү

  Бакай-Ата районуна караштуу  8 мектеп Бүткүл дүйнөлүк уюмуна киришип,  МЭРСИКО 4 000 $ ашканага эмеректин сегиз түрү менен жабдып беришет (эки көздүү  идиш жуугуч, стеллаж, муздаткыч, камыр журуучу аппарат, духовка, 4 көздүү плита, идиш кургаткыч, стол)  анын ичинен  30%  акчасы  мектептин өздүк салымынан төлөнөт. Ошол мектептердин бири болуп Урмарал орто мектебине 19- сентябрь 2017-жылы  MERCYCORPS бей  өкмөт уюмунун кызматкери келип семинар-тренинг өттү. Семинар-тренингке ата-энелер, башталгыч кл. жетекчилери, айыл башчы, мектеп директору жана уюштуруруучу катышты. Семинар тренингде ысык тамак-аш окуучуларга кандай пайдалары бар экендигин кеңири талкуу болду жана бул бей өкмөт уюм мектепке берген продуктулары,бериле турган ашкана эмеректери тууралуу маалымат берди.Семинар-тренингде ашпозчунун өздүк гигиенасы, окуучулардын гигиенасы жана тамак ичүү тартиби,тамактын менюсун кантип түзүү жана продуктуларды колдонуунун тартиптер,күнүнө тамактын пробасын алып сактоонун эрежелери,идиштерди колдонуунун эрежелери жана кандай идиштерди колдоону керек экендигин кеңири түшүндүрүп берди.Кофеөбрейк берүү менен бирге ашкананын ичин көрүшүп келген ата-энелер абдан ыраазычылык  билгизип тарашты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь