КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасын иш жүзүнө ашыруу жөнүндө

Кайыңды айыл аймагы боюнча Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасы аркылуу 44991 кг ун жана 4303 литр май бөлүнгөн.

Азыркы учурда Арал, Чеч-Дөбө айылдарынын 40 өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдун кыз келиндерине кийиз жасоо жана чий токууну үйрөтүү үчүн 18 күндүк окуулар жүргүзүп, 4 тонна ун 400 л май менен камсыз болушту.

Кайыңды айылында жыгач устачылыкты үйрөтүү үчүн 20 өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн адамдары 18 күн окушуп жыйынтыгында 2 тонна ун жана 200 л май менен камсыз болушту.

Азыркы күндө Арал жана Чеч-Дөбө айылдарынын ички жолдоруна суу өтүүчү 40 труба коюлуп, 40 адам иштеп, 8,876 тонна ун жана 836 л май менен камсыз болушат.

Нылды айылында жалпы узундугу 3 км ирригациялык каналы бар, анын 1 км жери тазаланып, 31 адам жумуш тартылып, 6,949 тонна ун жана 654 л май менен камсыз болушат.

Арал жана Чеч-Дөбө айылдарында 21 жакыр жашаган үй-бүлөлөр М-1 жалпы узундугу 5 км, анын ичинен 1 км жерин тазалап, 4,611 кг ун жана 434 л май менен камсыз болушат.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь