КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Май айылындагы боюнча кыскача маалымат

Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасын иш жүзүнө ашыруу жөнүндө

Кайыңды айыл аймагы боюнча Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасы аркылуу 44991 кг ун жана 4303 литр май бөлүнгөн.

Азыркы учурда Арал, Чеч-Дөбө айылдарынын 40 өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдун кыз келиндерине кийиз жасоо жана чий токууну үйрөтүү үчүн 18 күндүк окуулар жүргүзүп, 4 тонна ун 400 л май менен камсыз болушту.

Кайыңды айылында жыгач устачылыкты үйрөтүү үчүн 20 өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн адамдары 18 күн окушуп жыйынтыгында 2 тонна ун жана 200 л май менен камсыз болушту.

Азыркы күндө Арал жана Чеч-Дөбө айылдарынын ички жолдоруна суу өтүүчү 40 труба коюлуп, 40 адам иштеп, 8,876 тонна ун жана 836 л май менен камсыз болушат.

Нылды айылында жалпы узундугу 3 км ирригациялык каналы бар, анын 1 км жери тазаланып, 31 адам жумуш тартылып, 6,949 тонна ун жана 654 л май менен камсыз болушат.

Арал жана Чеч-Дөбө айылдарында 21 жакыр жашаган үй-бүлөлөр М-1 жалпы узундугу 5 км, анын ичинен 1 км жерин тазалап, 4,611 кг ун жана 434 л май менен камсыз болушат.

 

Май айылындагы мечитти талапка ылайык келтирүү жөнүндө

Май айыл өкмөтүнүн Май айылындагы мечитке Ибраимов Израил демөөрчү болуп, 200 м2  кошумча курулуш (навес) салынган. Жалпы сметалык баасы – 600,0 миң сомду түзгөн.

 

Май айылындагы өспүрүмдөрдү спортко тартуу боюнча

Май айыл өкмөтүнүн Май айылында үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен кичи футболдук аянтча курулуп, ишке берилүү астында турат. Долбоордун жалпы сметалык баасы – 2500,0 сомду түзгөн.

 

Мектеп окуучуларына көңул бөлүү

Май айыл өкмөтүнүн Май айылында 320 орундуу 2 кабаттуу мектеп курулуп, мектептин алдына брусчаткалар төшөлүүдө.

 

Көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө

Май айылынын Иманкулов көчөсүнө айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 200,0 миң сомго акча каражаты бөлүнүп берилип, кум-шагал төгүлдү.

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь