КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында операторлордун окутуусу болуп өттү

  2017-жылдын 13 сентябрь айында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын  кичи залында Бакай-Ата району боюнча шайлоочулардын идентификациялоо боюнча оператолордун окутуусу болуп өттү.Окутууну Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери өткүзүштү. Оккууга 87 операторлор катышты,баардыгы жаңы жабдуулар менен таанышып жана шайлоочуларды идентификациядан өткөрүүнү үйрөнүштү.

  2017- жылдын 12 сентябрдан 20 сентябрга чейин « Таза Коом» маалыматтык программасы боюнча Бакай-Ата мамкаттоо башкармалыгы ,Бакай-Ата райондук  паспортук визаларды каттоо иштери боюнча башкармалыгы жана Бакай-Ата райондук ЖААК (ЗАГС) бөлүмү менен  биргиликте Бакай-Ата району боюнча 20 операторлорду окутушту.

  Ал эми 2017 жылдын  21 сентябрь айында Бакай-Ата айылынын №6059 шайлоо участогунда шайлоочуларды идентификациялоо аппараттарын иштөөсүн (тестирование) өткөрүлдү.Тестированияга район боюнча жалпы 160 адам катышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь