КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

“Чоң капка” айылында    жаңы Фельдшердик-акушердик   пункт ишке берилди

  21- сентябрда  “Чоң –Капка” айылында жаңы фельдшердик-акушердик   пункттун ачылуу  аземи болуп өттү.  Иш чарага   Кыргыз Республикасынын  Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү  Дайыр  Кенекеев,  “ Хьюмен  Эппиел  Интернэйшнд” эл-аралык  кайрымдуулук  уюмунун   Кыргызстандагы директору,  доктор Али Айоуб   жана жергиликтүү  тургундар катышты.  Аталган фельдшердик-акушердик   пункттун курулушу  быйылкы жылдын  февраль айында  Ыйгарым укуктуу Өкүл Дайыр Кенекеевдин  демилгеси  менен башталып ага “ Хьюмен  Эппиел  Интернэйшнд” эл-аралык  кайрымдуулук  уюму тарабынан  1 миллион 50 миң сом  акча каражаты бөлүнүп  берилген.  Ал эми жылытуу системасын  “Бакубат Талас” фонду  200 миң сомдон ашуун  каражат бөлгөн. 

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь