КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура районунун Шекер айыл аймагында жол курулушу  башталды.

  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ички жолдорду жасоо программасына кирген пландын негизинде Кара-Буура районунун Шекер айыл аймагы боюнча өтүүчү  Аманбаев – Көк-Сай жолунун 7.2-8.3 км аралыгын асфальтоо иштери башталууда.  Бул 1,1 км  жолду  асфальтоо иштерин жүргүзүү үчүн  4,5 млн сомго тендер жарыяланган. Буга кошумча Б. Момбеков көчөсүнүн 300 метр жерин асфальтоо үчүн  3,0 млн сомго өзүнчө тендер жарыяланган жана башталуу астында турат. Жогорудагы аталган жолдорду асфальтоого кете турган чыгымдар республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча каржыланууда.  Бул жолдорду куруу үчүн  6-жол тейлөө ишканасы тарабынан  тендер жарыяланган.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь