КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Талас шаарында 9 жалпы билим берүүчү мектеп, 8 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме жана 1 лицей комплекси бар

 Жаңы окуу жылына карата 9 жалпы билим берүүчү мектепте 7966 окуучу комплектованиеден өткөрүлдү.  Анын ичинен 1-класска 991 бала кабыл алынды.  Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде  электрондук кезектин негизинде 2015-ж-320 бала кабыл алынды.  480 сааттык “Наристе” программасы менен 15 класс ачылып 5,6 жаштагы 438 бала мектепке даярдоо класстарында окушат.

  Талас шаарынын бардык мектептеринде 1-4-класста окуган 3843 балага “Шашке тамак” бериле баштады. А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде  2 жылдан бери 1-4-класстын окуучуларына “Тамактандырууну өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ысык тамак берилип, ата-энелер тарабынан  кошумча айына 60 сомдон төлөнүп келген. Долбоор алкагына байланыштуу быйылкы окуу жылынан баштап ысык тамак ата-энелердин эсебинен берилет. Андан тышкары  жакын арада “Мерсико” уюму тарабынан  №4, №5 орто мектептеринин 1-4-класстарынын окуучулары үчүн “Ысык-тамак” киргизилүү алдында турат.

  2017-жылдын 7-8-сентябрь күндөрүндө  Талас шаарынын №17- бала бакчанын базасында  жаңы окуу жылына карата  Талас шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үчүн ПМПК (психологиялык-медико-педагогикалык консультация) отуруму болуп өттү.

  ПМПКнын өздүк отурумунда  Талас шаарынын мектептеринен төрт окуучу каралып, ПМПК корутундусу боюнча ата-энелерине, мугалимдерине окутуу прогораммалыры боюнча консультациялар берилди. Жыйынтыгында шаардын 2 окуучуга көмөкчү программа менен, 1 окуучуга үйдөн, 1 окуучуга жалпы билим берүүчү мектепте окуу үчүн корутунду берилгендигин билдиребиз.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь